• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жумуш издеп жатасызбы? Ош мэриясы бош кызмат орундарына сынак жарыялады

Аймак 0

Бишкек, 03.02.20. /Кабар/. Ош шаарынын мэриясы бош кызмат орундарына сынак жарыялады.

Мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамына ылайык, мэриянын түзүмдүк бөлүнүштөрүндөгү административдик муниципалдык кызматтын төмөндөгү бош орундарына сынак жарыялайт:

1.Юридикалык кызматтын башкы адис-юристи (улук кызмат орду “Б”, 1-орун).

Кесиптик билиминин деңгээли:

-жогорку билим (юридикалык багытындагы).

Иш тажрыйбасы:

-жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3. Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасынын орун басары (башкы кызмат орду “Б”, 1-орун).

Кесиптик билиминин деңгээли:

-жогорку билим (мамлекеттик, муниципалдык башкаруу жана/же гуманитардык, юридикалык, финансы-экономикалык, бажы иши, техникалык багыттардагы).

Иш тажрыйбасы:

-жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы.

4. Ош шарынын мэриясынын тышкы байланыштар жана аналитика башкармалыгынын аналитика бөлүмүнүн жетектөөчү адиси (кенже кызмат орду “А”, 1 орун).

Кесиптик билиминин деңгээли:

-жогорку же кесиптик орто билим (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, техникалык, юридикалык, финансы-экономикалык багыттарындагы);

-иш тажрыйбасына талап коюлбайт.

5. Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин адиси (кенже кызмат орду “Б”, 1 орун).

Кесиптик билиминин деңгээли:

-жогорку же орто кесиптик билим (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юридикалык, финансы-экономикалык, бажы иши, гуманитардык, табигый илимдер, техникалык, инженердик багыттардагы).

-иш тажрыйбасына талап коюлбайт.

Сынакка катышуу үчүн талапкерлер төмөндөгү документтерди конкурстук комиссияга тапшырышы зарыл:
1. Конкурстук комиссиянын төрагасынын наамына талапкердин жеке арызы;
2. Кадрларды каттоо боюнча өздүк баракчасы;
3. Паспортунун көчүрмөсү;
4. Аскердик билетинин көчүрмөсү;
5. Өмүр баян (өз колу менен жазылган, соттолгондугу жана соттолбогондугу тууралуу маалыматты көрсөтүү менен) жана резюме;
6. 4х6 өлчөмүндөгү сүрөт;
7. Эмгек китепчесинин жана билими тууралуу документеринин нотариус аркылуу күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
Сынакка катышуу үчүн жогорудагы документтерди сынак расмий түрдө массалык-маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде Ош шаарынын мэриясынын уюштуруу-кадрдык иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө тапшыруу зарыл.

• Эскертүү: биометрикалык паспорт ээлеринен Ош шаардык паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнөн маалымкат талап кылынат.

• Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынан соттуулугу тууралуу маалымкат талап кылынбайт.

Дареги: Ош шаары, Ленин көчөсү 221, кошумча маалымат алуу үчүн байланыш телефондору: (03222) 5-50-79.

Пикир

Оставить комментарий