• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жумушка кабыл алынган 47 райондук техконсультанттар үчүн окутуулар башталды

Коом 0

Бишкек, 27.02.18 /Кабар/. Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү 47 техникалык консультантты жумушка алды. Тендер январь айында өткөзүлүп, сынакка жалпысынан190 адам катышкан. Эки техконсультант Чүй жана Талас облустарында облустук деңгээлде иш алып барышат, ал эми калганы райондук деңгээлде иштешет. Бишкек шаарында жаңы кабыл алынган техникалык консультанттар үчүн тренингдер башталды. Окутуу 26-февралдан тартып 1-мартка чейин министрликтин кызматкерлери тарабынан өткөрүлөт. Бул тууралуу КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү билдирди.

“Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү - 1” долбоору боюнча 13 адис Ысык-Көл жана Нарын облустарында, “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү - 2” долбоорунун алкагында 18 адис Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында жана “Жайыттарды жана мал чарбачылыкты башкарууну жакшыртуу” долбоору боюнча 16 адис иш алып барат. Ар бир техконсультант 10 Жайыт пайдалануучу бирикмелери менен иштеп, жайыттарды пайдалануу жана башкаруу боюнча жамааттык планды даярдоого, жайыттарга мониторинг жана баалоо жүргүзүүгө, жайыт пайдалануучулар арасында жаңы технологияны таркатууга жардам беришет.

Жаңы жумушка алынган райондук техконсультанттар тренингде өздөрүнүн аткара турчу иштеринен баштап, Жайыт пайдалануучу бирикмелер менен кантип иш алып баруу керектигин үйрөнүшөт.

Тренингдин алкагында ОРСПнын учурдагы директордун убактылуу милдетин аткаруучу Сапарбек Тынаев айыл чарбасында ишке ашырылып жаткан долбоорлор боюнча маалымат берип жатып, жайыттарды туура пайдаланууда техникалык консультанттардын жардамы абдан чоң экендигин белгиледи. “Буга чейин Чүй жана Талас облусунда иштеп келген техконсультанттар абдан жакшы жыйынтык беришти. Эми башка облустарда дагы өсүштөр болот деген ишеничтебиз”, деди С.Тынаев.

Пикир

Оставить комментарий