• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жумушсуз, жалгыз бой жана көп балалуу энелер акысыз тигүү курстарынан өтө алышат

Коом 0

Бишкек, 18-май /Кабар/. Кыргызстандын Кызыл Жарым Ай коому жумушсуз, көп балалуу жана жалгыз бой энелер үчүн сынамык долбоорду ишке киргизди.

Уюмдун басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкек шаарында “Тигүү курстары” ачылган.

“Жашоо шарты оор аялдар Бишкектеги Кызыл Жарым Ай кеңсесинен акысыз түрдө тигүү чеберчиликтерине үйрөнүшөт. Бир айдын ичинде алар тигүү жөндөмдүүлүктөрүн үйрөнүшүп, соңунда сертификаттарды алышат. Бул аларга жашоого каражат табууга, өз иштерин ачууга шарт түзөт”, - деп белгилешти басма сөз кызматынан.

Эскерте кетсек, мындай курстар Нарын, Ош жана Баткен облустарында бар. Аларда миңден ашык аял жаңы кесипке үйрөнүшүүдө.

Пикир

Оставить комментарий