• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жумуштан алынган Рустам Иноятов Мирзиёевдин кеңешчилигине дайындалды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 01.02.18 /Кабар/. Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматын 23 жыл башкарган генерал-полковник Рустам Иноятов 31-январда президент Шавкат Мирзиёевдин саясий-укуктук маселелер боюнча мамлекеттик кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу шаршембиде президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Өлкөнүн атайын кызматын 1995-жылдан бери башкарып келген Рустам Иноятовдун отставкасы тууралуу президент Шавкат Мирзиёев 31-январда, Улуттук коопсуздук кызматы жана Башкы прокуратуранын кызматкерлери катышкан селектордук жыйында билдирген.

73 жаштагы Иноятовдун ордуна Өзбекстандын 52 жаштагы башкы прокурору Ихтиер Абдуллаев дайындалганы кабарланган.

Өзбекстандагы эң таасирдүү адамдардын бири эсептелген Рустам Иноятов Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун ыктымал «мураскери» деп эсептелип келген. 2016-жылы августта расмий Ташкент Каримовдун ооруп жаткандыгын билдиргенден кийин ал туңгуч президенттин ордун басуучу негизги үч талапкердин бири катары аталган.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий