• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

"Жунда" заводунун ишмердүүлүгү токтотулган - Панкратов

Экономика 0

Бишкек, 06.11.18. /Кабар/. “Жунда” мунай иштетүүчү заводунун ишмердүүлүгү токтотулган. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн кезектеги жыйыныда экономика министри Олег Панкратов билдирди.

Анын айтуусунда, учурда аталган заводдо сот териштирүү иштери жана салык төлөө маселелерине байланышкан абдан оор кырдаал түзүлүп турат. Ушундай соттук териштирүүлөр абалды оорлоштуруп, андан тышкары өлкөнүн имиджине терс таасирин тийгизүүдө.

“Салыктык жоготуулар азыркы учурда 200 млн. сомду түздү”, - деди ал.

Андан тышкары Панкратов белгилегендей, азыркы күнгө чейин мунайды кайра иштетип чыгаруучу заводдордо өндүрүштүк кубаттуулук толук кандуу иштей элек. Атап айтканда Кара-Балта жана Токмоктогу заводдор 450 миң тонна көлөмдөгү чийки затты жеткирүү боюнча Россия менен болгон келишимге карабастан, эч бири эки жылдын ичинде бул келишимди колдоно элек жана аларды жеткирүү маселеси да чечиле элек.

“Аталган маселе оң чечилгенде бул өндүрүш ишканаларынын өлкөнүн экономикасына болгон салымы мындан да жогору болмок”, - деп билдирди Панкратов.

Пикир

Оставить комментарий