• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жунхай базарынан жоголуп кеткен 7 жашар бала табылды

Коом 0

Бишкек, 04.03.20. /Кабар/. Жунхай базарынан жоголуп кеткен 7 жашар бала табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, кечээ, 3-мартта Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына Бишкектин М.Д. аттуу тургуну кайрылып, ал Жунхай базарынан жоголуп кеткен 2013-жылы туулган баласын табууга көмөктөшүүнү суранган.

Ошол эле күнү милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн активдүү издөө иш-чараларынын натыйжасында жоголгон бала Орозбеков-Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишинен табылып, ата-энесине өткөрүп берилген.

Өз кезегинде баланын ата-энеси милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдиришти.

Бишкек ШИИББи жарандарга же үй-бүлө мүчөлөрүнүн коопсуздугуна коркунуч келсе жакынкы милиция бөлүмүнө кайрылуу жана 102 номуруна чалуу керектигин эскертет.

Пикир

Оставить комментарий