• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жунушалиев: Адам өмүрүн алып кеткен жол кырсыгына себепчи милиционер жазасын алат

Коом 0

Бишкек, 23.01.19. /Кабар/. Кыргызстандын Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жакында Бишкек шаарында адамдын өмүрүн алып кеткен жол кырсыгы тууралуу маалым барип, кырсыкка күнөөлүү милиция кызматкери өз жазасын алаарын билдирди.

Эске сала кетсек, Бишкектин 7-Апрель жана М.Горький көчөлөрүнүн кесилишинде Mercedes-Benz жана Toyota Avensis унаалары кагылышкан. Жыйынтыгында Toyota Avensis унаасынын жүргүнчүсү 34 жаштагы аял көз жумган. Андан тышкары эки адам жабыркаган. Mercedes-Benzтин айдоочусу 26 жаштагы Октябрь райондук милиция кызматынын кызматкери унааны мас абалында башкарып келе жаткан.

Жогорку Кеңеште өтүп жаткан отурумда депутат Эльвира Сурабалдиева билдиргендей, жаңы кодекстерде жарандар милиция жана УКМК кызматкерлерине унаасын берүүгө милдеттүү деп берилет. “Жакында милиция кызматкеринин күнөөсүнөн кош бойлуу аялдын өмүрүн алып кеткен жол кырсыгынан улам, элдер кантип милиция кызматкерлерине ишенет?”, - деп суроо узатты.

ИИМдин башчысы Кашкар Жунушалиев билдиргендей, Кылмыш кодексинде кылмышты жөнөкөй жаран же милиционер жасады деп бөлүнбөйт.

“Ал жерде жөн эле айдоочу деп жазылып турат. Азыр бул иш боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө кызматы тарабынан тиешелүү чаралар көрүлүп, айдоочу жаткан ооруканага күзөт коюлган. Ал айдоочу катары өз жазасын алат”, - деп баса белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий