• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жунушалиев Баткен облусундагы объектилердин оңдоо-калыбына келтирүү иштери менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 01.06.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев Баткен облусуна жумушчу сапарынын алкагында социалдык жана турак-жай обьектилериндеги, ошондой эле Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык (25,1 км), Ак-Сай - Рават (25 км), Кулунду – Максат - Арка (30 км) жана Самаркандек - Даркум - Мадиген (44,1 км) унаа жолдорундагы оңдоо-калыбына келтирүү жана курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Курулуш подрядчиктери менен жолугушуу учурунда оңдоо-калыбына келтирүү жана курулуш иштеринин жүрүшүн үзгүлтүксүз мониторингдөө үчүн күнү-түнү видеокөзөмөлдөө камераларын орнотуу жөнүндө макулдашуу болду.

Учурда аталган иштер бекитилген көлөмдө жүргүзүлүүдө, айрым объектилерде видеокөзөмөлдөө камералары орнотулган (Баткен районунун Кызыл-Бел айылындагы орто мектептин курулушу).

Иш сапардын жыйынтыгы боюнча аткаруу мөөнөтү жана жооптуу жактар көрсөтүлгөн тийиштүү Иш-чаралар планы иштелип чыгып, бекитилген.

Маалымдама:

Курулуп жаткан жолдордун жалпы узундугу 124,2 км түзөт. Кыргыз Республикасынын чек арасындагы аймактарда жайгашкан Баткен облусунун калктуу пункттарындагы социалдык объектилерди жана транспорт инфраструктурасын калыбына келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 3-майындагы № 114-б буйругу менен республикалык бюджеттен 700 млн сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий