• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жунушалиев борбор калаанын гимнинин автору Сардарбек Жумалиевди сыйлады

Коом 0

Бишкек, 28.10.21. /Кабар/. 80 жылдык мааракесине карата жана Кыргыз Республикасынын маданиятын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаанын гимнинин автору Сардарбек Жумалиевди Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы менен сыйлады.

Сардарбек Жумалиев - композитор, А.Малдыбаев атындагы сыйлыктын лауреаты, Кыргыз улуттук филармониясынын К.Орозов атындагы улуттук аспаптар академиясынын оркестр дирижеру, Кыргыз Республикасынын Эл артисти.

Эске салсак, Бишкек шаарынын гимни Бишкек шаардык кеңешинин 2008-жылдын 10-июнундагы токтому менен бекитилген.

Бишкек шаарынын гимнинин тексти:

Ала-Тоого кыргыз коңгондо,
Айланып сен жылдыз борборго.
Ак жолтойлуу үйгө айландың,
Арга барбы сүйбөй койгонго?!

кайырма:
Бишкегим, Бишкегим борборум сен,
Бүтүндөй жүрөккө орнодуң сен.
Бактылуу сеземин түшкө кирсең,
Бар болгун, бар болгун, Бишкегим сен.

Көргөндөрдүн көзү күйгөн жер,
Көкөлөтүп көбү сүйгөн жер.
Келип сенден бакыт табышат,
Кең дүйнөгө батпай жүргөндөр.

кайырма:
Бишкегим, Бишкегим борборум сен,
Бүтүндөй жүрөккө орнодуң сен.
Бактылуу сеземин түшкө кирсең,
Бар болгун, бар болгун, Бишкегим сен.

Тагдыр күтүп достук шаарындай,
Жагыласың өмүр шамындай.
Жүрөгүмдүн оту барында,
Жүрө албаймын сени сагынбай.

кайырма:
Бишкегим, Бишкегим борборум сен,
Бүтүндөй жүрөккө орнодуң сен.
Бактылуу сеземин түшкө кирсең,
Бар болгун, бар болгун, Бишкегим сен.

Пикир

Оставить комментарий