• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жунушалиев коомдук тартипти сактоодогу ишмердүүлүктү күчөтүү боюнча онлайн кеңешме өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 20.07.20. /Кабар/. Бүгүн, 20-июлда ички иштер министри Кашкар Жунушалиев коомдук тартипти сактоодогу ишмердүүлүктү күчөтүү боюнча онлайн кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, онлайн жыйынга Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустук, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери, ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын башчылары катышты.

Кеңешмеде кызматкерлердин ден соолугуна өзгөчө көңүл буруу, ар бир облуста медицина бөлүмдөрүндө дарыланып жаткандарга толук жана ар тараптуу жардам көрсөтүү жана кошумча атайын стационарларды ачуу сыяктуу маселелер талкууланган.

"Ошондой эле министр кызматкерлердин жана ардагерлердин саламаттыгына өзгөчө көңүл буруу жана ар тараптуу бардык жардамдар берилиш керектигин жана ушул багытта ишти колго алууда жана уюштурууда жергиликтүү жетекчиликтин жоопкерчилиги катуу болорун эскертти. Онлайн кеңешменин жүрүшүндө коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө негизги приоритеттик багыттарда ишмердүүлүктү күчөтүү багытында тапшырмалар коюлду", - деп айтылат маалыматта.

Министрликтин басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, эми онлайн кеңешме ар жума сайын өткөрүлүп, анда коомдук тартипти сактоо багытында маселелер талкууланып, тиешелүү чечимдер кабыл алынып турмакчы.

Пикир

Оставить комментарий