• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жунушбаев менен Бакирова ЖС судьялыгына шайланышты, калган талапкерлер жетиштүү добуш топтой алышкан жок

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 24.05.18. /Кабар/. Жогорку Кеӊештин кечээ, 23-майда өтүп жаткан жыйынында КР Президенти тарабынан талапкерлиги көрсөтүлгөн Жунушбаев Кыдык Карыбаевич менен Бакирова Нургүл Жакыповна бюллетень аркылуу жашыруун добуш берүү жыйынтыгында Жогорку соттун судьялыгына шайланышты. Ал эми Воронцова Ирина Николаевна, Орозова Дамира, Алымкулов Айдарбек жетиштүү добуш топтой алышкан жок.

Депутаттар судьялардын талапкерлигин кароо учурунда өлкөдөгү сот реформасынын жүрүшү, аны ишке ашыруу жолдору, сот кызматкерлеринин калк ишенимине ээ болушу, сот органдары менен судьялардын көз карандысыздыгы, кылмыш иштерин кароодо мыйзамдуулуктун сакталышы, судьялардын жумуш көлөмү менен эмгек акы өлчөмү жаатында берилген бир топ суроолоруна жооп алышты.

Суроо-жооп жана талкуу жол-жоболору аяктагандан кийин, жаӊыдан шайланган Жогорку соттун судьялары Кыдык Жунушбаев менен Нургүл Бакирова парламентте ант берди.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан жаӊыдан шайланган судьяларды чоӊ ишенимге ээ болушу жана ант берүү аземи менен куттуктап, алардын ишинде ийгиликтерди каалады.

Эске салсак, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө жөнүндө» мыйзамдын талабына ылайык, Жогорку соттун судьясы парламентте ант бергенден кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

Пикир

Оставить комментарий