• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жунушев Мамэкотехинспекциянын жамаатына жаңы директор катары тааныштырылды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 30.05.18. /Кабар/. Бүгүн, 30-майда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын борбордук аппаратынын жамаатына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору болуп дайындалган Жолдошбек Жунушевди тааныштырды. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Жолдошбек Жунушев жетекчилик мыкты тажрыйбага ээ экендигин белгиледи.

«Жаңы жетекчилик менен Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы ведомство алдына коюлган маанилүү милдеттерди натыйжалуу ишке ашырууну улантарына ишеним билдирем», - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий