• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Жунусов Өзбекстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 11.11.20. /Кабар/. Кечээ, 10-ноябрь күнү Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов Өзбекстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Фарход Арзиев менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилиги билдирди.

Жолугушуу учурунда эки өлкөнүн министрликтеринин координацияланган жана натыйжалуу ишинин натыйжасында эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдө олуттуу оң динамика бар экендигин белгиленген.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин иш сапарынын жыйынтыгы боюнча жетишилген келишимдерди талкуулашып, тез арада практикалык иш-чаралардын планына (жол картасына) кол коюу зарылдыгын белгилешкен.

“Өзбек тарап кайра иштетүү чөйрөсүндө, мөмө-жемиш,текстиль продукцияларын, айыл чарба техникаларын, курулуш материалдарын биргелешип экспорттоо жана фармацевтика жаатында соода-экономикалык кызматташтыкты арттырууга даяр экендигин билдирди. Мультимодалдык жүк ташууну өнүктүрүү максатында транспорттук-логистикалык тармакта, Ош шаарында логистикалык борборду куруу боюнча кызматташтыкты улантууга, ошондой эле “Ош-Сарыташ-Эркечтам” жолунун айрым тилкелерин реконструкциялоого өзбек тараптын катышуу мүмкүнчүлүгүнө кызыгуу билдирилди. Ошондой эле, “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулуш маселелерин активдештирүү маанилүүлүгүн белгилешти”, - деп айтылат маалыматта.

Андан тышкары жолугушууда туризм жаатында кызматташууну өркүндөтүү маселелери талкууланган.

Тараптар эки тараптуу кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жана чек ара аймактарынын башчыларынын Кеңешинин отурумун эртерээк өткөрүү зарылдыгын белгилешкен.

Пикир

Оставить комментарий