• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Журналист Арзыгүл Галымбетова 38 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

Коом 0

Бишкек, 26.03.22. /Кабар/. Баткен облусунда журналист Арзыгүл Галымбетова 38 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу соцтармакка журналисттин достору жана кесиптештери билдирүү калтырды.

Белгилей кетсек, Арзыгүл Галымбетова 38 жашта болчу. Ал АКИpress маалымат агенттигинин Баткен облусу боюнча аймактык кабарчысы болуп иштеп келген.

Баткенде Галымбетованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө.

“Кабар” маалымат агенттигинин жалпы жамааты Арзыгүл Галымбетованын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Пикир

Оставить комментарий