• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Журналист Арзыгүл Галымбетованын ысымы Баткендеги көчөгө жана көп кабаттуу үйгө берилери айтылды

Аймак 0

Бишкек, 28.03.22. /Кабар/. Журналист Арзыгүл Галымбетованын ысымы Баткендеги көчө, үй жана бала бакчага берилери айтылды.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, журналист Арзыгүл Галымбетованын ысымы Баткен шаарындагы чоң көчөлөрдүн бирине жана жаңы курула турган көп кабаттуу турак үйгө ыйгарылат.

Бүгүн Арзыгүл Галымбетованын эскерүү иш-чарасында кесиптештери анын ысымын бала бакчага дагы берүү сунушун айтты.

Эскерте кетсек, 25-марттын түнү АКИpress маалымат агенттигинин Баткен облусу боюнча аймактык кабарчысы Арзыгүл Галымбетова мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

Журналисттин өлүмүнө байланыштуу Кылмыш жаза кодексинин 127-беренеси ("Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү") менен кылмыш иши козголуп, Баткен шаарынын 33 жаштагы Б.Ж. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий