• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Журналист Эгизбаевдин дарегине коркутуулар болгонбу? ИИМдин жообу

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.08.18. /Кабар/. Ички иштер башкы башкармалыгы маркум журналист Улан Эгизбаевдин дарегине болгон коркутуулар фактысы боюнча текшерүү жүргүзүүдө. Бул тууралуу ИИМдин Тергөө кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Утемисов “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынынын жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, Эгизбаевдин туугандары жана кесиптештери журналисттин дарегине бош конверттер келип, түшүнүксүз телефондук чалуулар болгонун айтышкан.

“Бул боюнча учурда тыкыр текшерүү жүрүүдө. Азырынча бош конверттердин бири жактоочудан келгендиги белгилүү болду. Юрист өзү таң калган. Себеби ал Эгизбаев менен соттошуп жатканын, анын дарегине сотко чакыруу жөнүндө билдирме жибергенин айткан. Ошондой эле журналистке коркутуулар менен чалган абоненттер аныкталган. Азыр эч кандай коркутуу болбогону белгилүү болду. Ал адам журналисттен кайсы бир маалыматты жарыялабашын суранган. Жыйынтыгында алар бул маселени жеринде чечишкен”, - деди Утемисов.

Эске салсак, журналист Улан Эгизбаев 22-июлда Ысык-Көлдө жубайы менен эс алып жүргөндө көлгө чөгүп каза болгон. Ал 28 жашта эле.

Пикир

Оставить комментарий