• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Журналист Эльнура Алкановага каршы иш токтотулду – Финансы полициясы

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.04.18. /Кабар/. Журналист Эльнура Алкановага карата козголгон иш токтотулду. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Финансы полициясынан Алкановага бул жобо тууралуу кабарланганын кошумчалады.

Эскерте кетсек, Алканова Максим Бакиевге таандык “Идеал Хаус” VIP-шаарчасын сатуу темасында журналисттик иликтөө жүргүзгөн.

Журналист коттедждик комплекстин менчиктештирилишин мурдагы премьер-министр Сапар Исаков менен, ошондой эле анын тегерегиндеги адамдар менен байланыштырган.

ЭКККМК тергөөчүсү ага КР КК ылайык, “Коммерциялык, банктык же башка сырды, ошондой эле салык төлөөчүнүн жашыруун маалыматтарын ачыктагандыгы үчүн” айып койгон. Мындан кийин ага өлкөдөн кетүүгө тыюу салынган.

Пикир

Оставить комментарий