• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Журналист, Кыргыз телеграф агенттигинин мурдагы директору Станбек Усупов дүйнөдөн кайтты

Коом 0

Бишкек, 02.07.21. /Кабар/. Кыргыз чыгармачыл интеллигенциясы оор жоготуга учурады. 88 жаш курагында журналист Усупов Станбек Усупович дүйнөдөн кайтты.

Усупов Станбек Усупович 1934-жылдын 5-майында Жети-Өгүз районунун Боз-Бешик айылында туулган.

1958-жылы Казак мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган.

Станбек Усупович эмгек жолун “Ленинчил жаш” гезитинде адабий кызматкер катары баштап, бөлүм башчы, редактордун орун басары, редактор болуп иштеген.
1967–1970-жылдары КПСС БК алдындагы Коомдук илимдер академиясынын журналистика боюнча аспирантурасында окуп, тарых илимдеринин кандидаттык даражасына диссертация жактаган.

1971–1974-жылдары – “Ысык-Көл правдасы” гезитинде редактор, 1976-жылга чейин “Советтик Кыргызстан” гезитинде редактордун орун басары болуп иштеген.
Кийинчерээк, 1976–1986-жылдары – “Кыргызстан коммунисти” журналынын башкы редактору, 1986-1992-жылдары Кыргыз телеграф агенттигинин (Кыргыз ТАГдын – КыргызКабар – Кабар) директору болуп иштеген.

2000-жылдан тарта К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүндө жана факультетинде профессордук милдетин аткарган.

Көп жылдык ак ниет эмгеги үчүн 1981-жылы Станбек Усупович “Ардак белгиси” ордени менен сыйланган, ошондой эле ар түрдүү жылдарда Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен сыйланган.

1988-жылы “Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген журналисти” ардактуу наамына татыктуу болгон. “Кыргызстандын элге билим берүүсүнүн отличниги” төш белгиси жана “Даңк” медалы менен сыйланган.

Станбек Усупович көп жылдар бою СССР Журналисттер союзунун жана СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.

Усупов Станбек Усупович улутубуздун баалуулуктарын даңазалап, жаштарга тарбия берүүдө зор эмгек сиңирген инсан катары өмүр сүрдү. Адамгерчилиги бийик, өз кесибинин мыкты адиси болгон чыгаан жазуучу, журналист Станбек Усуповичтин элеси ар дайым жүрөгүбүздо сакталат, үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

Иманалиев К.О., Кожоев М.К., Султанбаев Э.А., Н.Марс, Э.О.Сазыков, Байтерек Г.Дж., Айдаркулов М.К., Мейматкулов Р.М., Балташев И.А., Сарногоева С.С., Таабалдиев К.А., Алиев Б.Ж., Догдурбеков Э.Д., Мусаев А.И., Аленов Б.А., Тыналиев М.Б., Султанбаев А.Д., Рыскулов А., Ишенкулов Т., Халилов А., Матисаков А., Раматов К., Момунов Н.

"Кабар" агенттигинин жалпы жамааты Станбек Усуповичтин жубайына, үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт. Станбек Усуповичтин жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүк жашайт!

Пикир

Оставить комментарий