• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Журналист менен чырдашкан ЖК депутатынын айдоочусуна айып пул салынды

Коом 0

Бишкек, 03.10.18. /Кабар/. Журналист менен чырдашкан Жогорку Кеңештин депутатынын айдоочусуна айып пул салынды. Бул тууралуу Бишкектин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын батальонунун улук инспектору Максат Мусталиев Бишкекте өткөн тегерек үстөлдүн жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, аталган окуя боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Унаанын алдыңкы терезелери караңгылатылган. Ал үчүн айдоочуга айып пул салынып, унаа айып унаа токтотуучу жайына киргизилди.

Эске салсак, 20-сентябрда Чүй жана Эркиндик көчөлөрүнүн кесилишинде жол милициясынын кызматкерлери Lexus үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Унаанын терезелери караңгылатылгандыгы аныкталган. Андан соң унааны башкарып бара жаткан адам Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовдун айдоочусу экендиги белгилүү болгон.

Айдоочу агрессивдүүлүгүн көрсөтүп, ал жердеги журналисттерге кол көтөргөн.

Пикир

Оставить комментарий