• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Журналист Н.Жумабекова: Алган сыйлыгыбыз мен жана менин командам үчүн кошумча мотивация болду

Коом 0

Бишкек, 24.09.20. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков коронавирус инфекциясы (COVID-19) менен күрөшүүдө көрсөткөн кайратман жана ак ниет эмгеги, туруктуулугу жана чыдамкайлыгы, жарандык милдетине берилгендиги, адам өмүрүн сактоо ишиндеги кесипкөйлүгү үчүн "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө" жарлыкка кол койду. Сыйлык алгандардын катарында "Ала-Тоо-24" каналынын жаңылыктар бөлүмүнүн журналисти, баяндамачы Нургүл Жумабекова бар. Ага ардак грамотасы берилди.

"Мен журналист катары вирус тарап жаткан учурда калкка маалымат жеткирүү максатында иштедим. Биринчи күндөрү материалдарды жеринен даярдап жаттык. Карантин учурунда кеңседен иштеп жаттык", - дейт ал.

Ал вирус жайылып жаткан учурда коронавирус менен ооруп чыккан жарандардан интервью алып иштегенин айтат.

"Элге коронавирус тууралуу маалымат жеткирүү үчүн ар түрдүү материалдарды даярдадык. Ооруканаларга барып, коронавирус менен ооруп чыккан жарандар менен байланышта болууга туура келди. Тобокелчиликке карабай өз милдетибизди аткардык", - дейт ал.

Анын айтымында, ал буга чейин парламент, өкмөттүн сыйлыктарын алган. Президенттен сыйлык алуу күтүлбөгөн окуя болгон.

Пикир

Оставить комментарий