• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Журналист Орокчиевдин 80 жылдык мааракесине карата адабий-чыгармачылык иш-чара өтөт

Коом 0

Бишкек,11.09.18. /Кабар/. 2018-жылдын 13-сентябрында саат 11:00дө Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын, журналист Тенти Орокчиевдин туулгандыгынын 80 жылдыгына арналган “Ыймандай сырым ырымда, жашаган өмүр жылымда” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү жана адабий-чыгармачылык иш-чарасы өткөрүлөт.

Белгилүү акын жана журналист Тенти Орокчиев 1938-жылы 8-сентябрда Тоң районундагы Көк-Сай айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн, 1955-жылы Төрт-Күл орто мектебин бүтүргөн. 1958-жылы Каракол шаарындагы педагогикалык институтка кирип, кыргыз мектептеринде орус тил мугалими адистигине ээ болгондон кийин Кочкор районунун мектептеринде (1963–1965) мугалим болуп эмгектенген.

1965-жылдан чыгармачылык ишке өтүп, “Мугалимдер газетасында” адабий кызматкер, 1969-жылдан Кыргыз Совет энциклопедиясында илимий редактор, ага илимий редактор кызматтарында иштеген. Андан кийин Кыргыз телерадиосунун адабий-драма редакциясында редактор, ага редактор, башкы редактордун орун басары (1974–2002) болгон. Отуз жылга жакын убакыттын ичинде Т. Орокчиев “Поэтикалык экран”, “Поэтикалык саптар”, “Ыр толкуну” аттуу поэтикалык уктурууларды, “Саякат”, “Таберик”, “Адабият жаңылыктары” сыяктуу радиоуктурууларды алып барды. Ошону менен катар эле “Театр микрофондо” деген аталыштагы топтомдордо онго жакын (мисалы, “Авредиттик акылман”, “Мактым сулуу баяны”, “Калган кайран турмуш” сыяктуу) радиопостановкаларды, радиопьесаларды жазды. Телерадио комитетте иштеген 30 жыл ичинде он мүнөттөн бир жарым саатка созулган үч миңге жакын радиоуктуруулардын редактору жана автору болду. Алардын ичинен 300гө жакын радиопостановка, радиопьеса, радиомаектер Кыргыз радиосунун алтын фондунда жана мамлекеттик архивде сакталып турат. Ошондой эле бул мезгилде “Ала-Тоо”, “Ден соолук” журналдары менен “Кыргызстан маданияты” жумалык газетада да ар кыл темадагы маектери, макалалары жарыяланган.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору С. Кайыповдун өтүнүчү боюнча университеттин радиосунан 2008–2009-жылдары 40тан ашуун уктуруу даярдап, эфирге алып чыкты. 2003-жылдан бери Т.Орокчиевдин “Кыргыз Руху”, “Адабий гезит”, “Адабий Ала-Тоо”, “Кыргыз Туусу”, “Эркин Тоо”, “Ден соолукка миң кеңеш” деген газеталарда 300дөн ашык маектери, макалалары, даректүү баяндары, эсселери, ой-толгоолору жарыяланды.

Тенти Орокчиев 1973-жылдан – СССР журналисттер союзунун, 1994-жылдан – Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү. Ага “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” деген ардактуу наам берилген, Кыргыз Республикасынын улуттук телерадиокомпаниясынын отличниги (1998), Эл аралык “Түгөлбай-Ата” коомунун сыйлыгынын ээси, “Даңк” медалы, Ардак грамоталар, Дипломдор менен сыйланган.

Көргөзмөгө жана адабий-чыгармачылык иш-чарага коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар, маданият кызматкерлери, журналисттер, студенттер жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышат.

Дареги: Бишкек шаары, Ю. Абдрахманов көч., 208,

А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы,

Пикир

Оставить комментарий