• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Журналист У.Бабакуловго кылмыш иши козголду

Укук тартиби 0

Бишкек, 9-июнь /Кабар/. КР УКМКнын тергөө бөлүмү "Fergananews.com” жана башка ресурстарда улуттар аралык касташууга чакырган материалдарды жарыялаганы үчүн Улугбек Бабакуловго каршы кылмыш ишин ачты. Мындай маалыматты УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Улуттук илимдер академиясынын жана Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин адистеринин жүргүзгөн саясий-филологиялык экспертизасынын жыйынтыгы боюнча, Улугбек Бабакулов жарыялаган материалдарда этностор аралык араздашууга үндөгөн, улуттук кадыр-баркка шек келтирүүнүн элементтери аныкталган. Мындай чакырыктар жарандарды мыйзамсыз иштерге, коомго каршы келүүчү кыймыл аракеттерге алып келиши ыктымал.

“Ыкчам жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында, 2010-жылдагы июнь окуясын эскерүү алдында, Бабакулов чагымчыл мүнөздөгү материалдарды жарыялагандыгы аныкталган. Мындай иш-аракеттер башка үчүнчү мамлекеттерден саясий башпаанек алуу максатын көздөйт”, -деп билдирет УКМК.

Бабакуловго карата кылмыш иши улуттар, этностор, диний же аймактар аралык кастыкка чакыруу беренелеринин негизинде козголду.

Пикир

Оставить комментарий