• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Журналисттер төртүнчү бийликтин өкүлү катары айткандары үчүн жоопкерчиликти түшүнүүсү керек - А.Атамбаев

Президент 0

Бишкек, 24-март /Кабар/. Журналисттер төртүнчү бийликтин өкүлү катары айткандары үчүн бардык жоопкерчиликти түшүнүүсү керек. Бул тууралуу Президент Алмазбек Атамбаев журналисттер менен жолугушууда алардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Президенттин журналисттерге карата доо арызынан баш тартуу ниети барбы деген суроого А.Атамбаев бул журналисттерге эмес, ушакчыларга карата доо деп белгиледи. Жаңылыкты көчүрүп алгам деп айткандардыкы дагы туура эмес. “Мунун бары жылдар бою жыйналды. Мен 5 жыл чыдадым. Бирок, бийлик, анын ичинде төртүнчү бийликтин өкүлдөрү дагы өздөрүнүн аракеттери үчүн жоопкерчиликти түшүнүүсү керек. Бул журналистика эмес, ушакчылык”,-деди А.Атамбаев.

“Эркиндик” радиосу боюнча мен эл аралык сотко чейин барууга даярмын, алар жакшы сабак алып калышат. Мен кудай буйруса АКШ барганда президент Д.Трамп менен сүйлөшөм. Анткени, бул токтошу керек. Журналистика – бул объективдүү жана текшерилген маалымат. Ал эми “Заноза” жана “Эркиндик” радиосу адамды каралоого багытталган аракеттерге максатталганын барыбыз көрүп турабыз. Ушакты кечирүүгө болбойт, ал өткөн кез”,-деди А.Атамбаев.

Ошондой эле, мамлекет башчысы соттук доодон өндүрүлгөн каражатты онкологиялык оорулууларга берерин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий