• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Журналисттер өз укугун коргоо үчүн Бишкекте пикет өткөрүштү

Коом 0

Бишкек, 18.01.19 /Кабар/. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын алдына журналисттер пикет өткөрүштү. Акциянын катышуучулары колдоруна "Мен милициянын зөөкүрлүгүнө макул эмесмин", "Тикелей милдетин аткарып жаткан журналистти байлап кетүү жарабайт!" деген чакырыктар жазылган плакаттарды көтөрүп алышкан.

Пикетке "Супер инфо" гезити менен "Next TV" телеканалынын журналисттери чыгышты.

Эске салсак, 17-январда Ала-Тоо аянтына митинг өтүп, айрымдарын милиция кызматкерлери кармат кеткен. Кармалгандардын арасында журналисттер дагы болгон.

"Next TV" каналынын кызматкери Жоодар Бузумов аны дагы милиция кармап кеткенин билдирип, ал өзүнүн тастыктоочу күбөлүгүн көрсөткөнүнө карабастан милиция бөлүмүнө алып барышканын кошумчалады.

Ал эми шаардык милициянын басма сөз кызматы тартип сакчылары кармалган жаранды журналист экенин билбегенин, милиция бөлүмүнө алып баргандан кийин коё берилгенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий