• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Журналисттерге кол салган “Бета Сторес 2” гипермаркетинин кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.05.18. /Кабар/. “Апрель” телеканалынын кызматкерлерине кол салган "Бета Сторес 2” гипермаркетинин кызматкерлерине карата “Уурулук” жана “Бейбаштык” беренелерине ылайык, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 16-майда “Апрель” каналынын оператору С.Р., аттуу жарандан арыз түшкөн. Жабырлануучу видео камера жана анын флешкасын тартып алган “Бета Сторес 2” соода борборунун кызматкерлерине карата жаза колдонууну суранган.

Катталган арыз жана аталган факты боюнча тергөө кызматы тарабынан учурда кылмыш иши козголду.

Кылмышка шектүү катары 3 адам кармалган – Кыргызстандын 20 жаштагы эки жараны С.А., жана Д.А., ошондой эле 23 жаштагы Түркиянын С.Д., жараны.

Кармалгандар убактылуу кармоо жайына киргизилген. Иликтөө амалдары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий