• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Журтубуздун бүтүндүгү үчүн курман болгондорду унутпайбыз! Төрага чек арачыларды куттуктады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 28.05.21. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов чек арачыларды кесиптик майрамы — Кыргыз Республикасынын Чек арачылар күнү менен куттуктады.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, төраганын куттуктоосунда мындай деп айтылат:

Урматтуу чек арачылар!

Кымбаттуу чек ара кызматынын ардагерлери!

Күнү-түнү мекен чегинде тургандардын кесиптик майрамы - Чек арачылар күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Сиздердин кызмат ар дайым каарман адамдардын асыл иши болуп келген.

Мамлекет чегинде өз мекенин коргоп туруу татаал, жоопкерчиликтүү иш, ошол эле учурда ардактуу милдет. Чек арачыларыбыздын каармандыгы жана мекенчилдиги өлкөбүздүн коопсуздугунун кепилдиги. Алар душмандардын соккусун биринчилерден болуп тосуп, дайыма алдыда турушат. Кыргызстандын чегинде туруп эл-жери үчүн өмүрүн арнаган чек арачыларыбыз калкыбыздын эсинде түбөлүк сакталат. Тилекке каршы мекенибиздин чек арасында болуп өткөн кандуу жаңжалдарда көптөгөн азаматтарыбыздан айрылдык. Биз журтубуздун бүтүндүгү үчүн курман болгондорду эч качан унутпайбыз.

Ардактуу жоокер-чек арачылар!

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана жеке өзүмдүн атымдан мекенибиз үчүн кылып жаткан кызматыңыздарга ыраазычылык билдирем!

Айрыкча аймактык бүтүндүгүбүздү коргоп, чек арага жакын айылдарда оор шартта жашап жаткан тургундарга да өзгөчө ыраазычылык сөздөрүмдү арнайм.

Дагы бир жолу Чек арачылар күнү менен куттуктап бекем ден-соолук, кажыбас кайрат, мекенибиздин жыргалчылыгы үчүн жасап жаткан асыл иштериңиздерге ийгиликтерди каалайм!"

Пикир

Оставить комментарий