• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жусайдын ден соолукка пайдасы

Дүр дүйнө 0

Жусай адамдын кара күчүн чыңдайт. Анда белок, кант В жана С витамини өтө көп болот. Ашказандын иштөөсүн жакшыртат, терди жөнгө салат, зааранын жүрүшүн жакшыртат.

Жусайдын табияты ысык болгондуктан ысыкчан адамдар көп жебөөсү керек. Жусайдын дагы бир жакшы касиети темир буюмдарды жутуп алганда, аны кайнаган сууга чылап жусай жумшагандан кийин жесе ал буюм заар менен чыгып кетет.

Жусайды жалаң эле тамакка пайладанбастан, анын тамыры, жалбырагы жана уруктары дары болуп эсептелинет.

Жусайдын даамы ачуураак, табияты кургак ысык, анын бышканынын табияты нымдуу ысык болот.

Жусайдын тамыры, жалбырагы, уругу ич өткөккө, боордун иштөө кызматына, адамды дүүлүктүрүү, жандандыруу, кубат берүү, сынгандан, чыккандан кийинки жарааттарга, ичегисине суук тийгендерге, кан түкүргөндөргө, мурундун каны токтобогондорго, көкүрөгү ооругандарга жана башка ушу сыяктуу көп ооруларга жардамы тиет.

Жусайдын уругу адамдын жүрөгүнүн иштешин жакшыртат, бел ооруну басат.

Жусайдын жардамы төмөнкүлөргө да пайдалуу:

  • Дем алуу органдар сезгенгенде эки баш жусайдын тамырын 250 г чылан (жийденин бир түрү) менен кошуп кайнатып, анан жусайдын тамырын алып таштап, суусун тундуруп алып пайдаланса жардам берет.
  • Жөтөлгөндө, түкүргөндө чыга турган какырыкты жок кылыш үчүн, 90 г жусайдын тамырын майдалап, чай менен ичсе пайдалуу.

Адамдын эмчек бези сезгенгенде бир боо жусайга 6 г өрүктүн данегин кошуп, майдалап ооруган жерге сүртсө жардам берет.

Интернет булактарынан алынды

Пикир

Оставить комментарий