• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жусуп Абдрахманов тууралуу даректүү тасма Казакстандагы кинофестивалда көрсөтүлөт

Маданият 0

Бишкек, 24.06.19. /Кабар/. Жусуп Абдрахманов тууралуу толук метраждуу даректүү тасма Казакстандагы Евразия эл аралык кинофестивалында көрсөтүлөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Аталган фестиваль 30-июндан 6-июлга чейин Нур-Султан шаарында өтөт.

Даректүү тасманын режиссеру – Эрнест Абдыжапаров.

Тасма кинофестивалдын "Өзгөчө окуя" программасында 5-июль күнү көрсөтүлөт.

Жусуп Абдрахманов советтик жана кыргыз мамлекеттик ишмер, Кыргыз АССРинин Эл Комиссарлар Советинин биринчи төрагасы болгон. Ал Сталиндик репрессиянын курмандыгы болуп, 1938-жылы атылган.

Пикир

Оставить комментарий