• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгы белгиленет. Жарлыкка Жапаров кол койду

Президент 0

Бишкек, 11.02.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров «Жусуп Абдрахмановдун туулган күнүнүн 120 жылдыгын белгилөө жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзүүгө зор салым кошкон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери Жусуп Абдрахмановдун элесин түбөлүккө калтыруу жана анын туулган күнүнүн 120 жылдыгын жогорку улуттук деңгээлде майрамдоо максатында токтом кылынат:

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө сунушталсын:

— Ж. Абдрахмановдун туулган күнүнүн 120 жылдыгын майрамдоону даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү;

— көрсөтүлгөн иш-чараларды өткөрүү үчүн зарыл финансылык каражаттарды бөлүү.

Пикир

Оставить комментарий