• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жусуп Абдрахмановдун иш столу Тарых музейине өткөрүп берилди

Коом 0

Бишкек, 04.03.21. /Кабар/. Мамлекеттик жана саясий ишмер Жусуп Абдрахмановдун иш столу Мамлекеттик тарых музейине өткөрүлүп берилди.

Иш-чарага президенттин аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, Бегимаалы Жамгырчинов атындагы Тарых, археология жана этнография институтунун директору Абылабек Асанканов катышты.

Столдун музейге берилиши абдан маанилүү экендиги айтылып, музейдеги бирден-бир баалуу тарыхый экспонат катары фондду толуктап жаткандыгы белгиленди.

Эскерте кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров "Жусуп Абдрахмановдун туулган күнүнүн 120 жылдыгын белгилөө жөнүндө" жарлыкка кол койгон. Азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзүүгө зор салым кошкон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери Жусуп Абдрахмановдун элесин түбөлүккө калтыруу жана анын туулган күнүнүн 120 жылдыгын жогорку улуттук деңгээлде майрамдоо максатында өкмөткө бир катар тапшырмалар коюлган.

Пикир

Оставить комментарий