• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“Жусуп Баласагындын доору: тарых, адабият жана материалдык маданият” аталышындагы макалалар жыйнагы жарык көрдү

Маданият 0

Бишкек, 22.01.18 /Кабар/. Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурас институту уюштурган Эл аралык илимий конференциясындагы макалалар жыйнагы басылып чыкты. Андагы материалдарды тарых, философия, лингвистика, адабият, маданият таануу тармагынын адистери жана Борбор Азиянын орто кылымдардагы тарыхына кызыккан жалпы окурмандардын кеңири чөйрөсү пайдалана алат.

КР УИА басма сөз кызматы билдиргендей, аталган жыйнак 3 бөлүктөн туруп, биринчи бөлүктө Караханиддер доорунун саясий, этникалык жана нумизматикалык тарыхынын ар кыл аспектилери чагылдырылган. Экинчи бөлүктө Ж.Баласагындын “Кут алчу билим” чыгармасына, андагы философиялык, социалдык-этникалык, булак таануучулук, адабият таануучулук өзгөчөлүктөргө орун берилген. Ал эми үчүнчү бөлүккө Кан-Дөбө, Новопокровка-2, Ак-Бешим ж.б. шаар чалдыбарларын изилдеген кыргыз археологдорунун изилдөөлөрү кирген.

“Жусуп Баласагындын доору: тарых, адабият жана материалдык маданият” аталышындагы Эл аралык илимий конференцияны КР УИАсы, КР Президентинин Аппаратына караштуу Кыргызстан элдеринин тарыхый жана маданий мурастарынын “Мурас” фонду жана Маданий мурас борбору уюштурган. Аталган иш-чарага катышкан Кыргызстандын, Казакстандын, Түркиянын, Өзбекстандын, Тажикстандык жана Россиянын алдыңкы окумуштууларына таандык болгон макалалар жыйнагы 2017-жылдын аяк ченинде басылып чыккан.

Пикир

Оставить комментарий