• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жусупбек Шарипов КРнын Украинадагы элчиси болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 16.11.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык, Шарипов Жусупбек Шарипович Кыргыз Республикасынын Украина Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысынын дагы бир Жарлыгы менен Шарипов Жусупбек Шарипович Эль-Кувейт шаарындагы резиденциясы менен эки ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги, Морокко Королдугундагы, Иордания Хашимит Королдугундагы жана Бахрейн Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматынан бошотулду.

Пикир

Оставить комментарий