• 84.45
  • 89.13
  • 1.36

Кыргызстанда каржылоонун жетишсиздигинен окуучуларга ысык тамак берилбей жатат

285 кароо Коом 0

Бишкек, 21.02.22. /Кабар/. Кыргызстанда азык-түлүккө болгон баанын кымбатташына байланыштуу мектеп окуучуларына ысык тамак берилбей жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтымында, мектептерде 7 сомго ысык тамак уюштуруу кыйынга турууда. Ошондой эле азык-түлүктүн баасы дагы деле көтөрүлүүдө. “Биз бир нече жолу Финансы министрлигине каржылоону көбөйтүү боюнча кайрылдык. Аргасыздан булочка менен компотко өтүүгө туура келүүдө”, - деди ал.

Жусупбекова ошондой эле Билим берүү министрлиги Финансы министрлигинен тамак-ашка болгон сумманы эки эсе көбөйтүүнү суранып жатканын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий