• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жусупбекова: Сегизинчи апрелден тарта окуучулар аралыктан окуй баштайт

Билим 0

Бишкек, 31.03.20. /Кабар/. Сегизинчи апрелден тарта окуучулар аралыктан окуй баштайт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

"Бүгүнкү күндө видео сабактарды көрсөтүү боюнча телеканалдар менен иштешип жатабыз. "Баластан" телеканалынан атайын пайдалуу жана таанып-билүүчү көрсөтүүлөр чыгарылып турат. Алардын ичинде балдарды мектепке даярдоо боюнча 480 сааттык программа жана башталгыч класстардын окуучулары үчүн видео сабактар бар", - деди Жусупбекова.

Анын айтымында, 5-9-класстардын окуучулары үчүн "Илим-Билим" ЭлТР, "Пирамида" жана "5-канал" телеканалдарынан видео сабактар көрсөтүлөт.

"Билим берүү жана илим министрлиги бардык окуучулар үчүн электрондук материалдарды иштеп чыкты. Башталгыч класстар үчүн электрондук материалдарды Ibilim порталынан тапса болот, ал эми 5-11-класстарга арналган материалдар "Билим булагы" порталына жүктөлдү. Кырктан ашык аудио жана видео материал даярдалган", - деди ал.

"Биздин мугалимдер 16-марттан тарта окуучулар менен Zoom, Whatsapp интернет программалары аркылуу байланыш түзүүдө. Мугалимдер мессенджерлер аркылуу видео сабактардын чыгуу убактыларын жана жүгүртмөлөрүн окуучуларга билдирип турушат", - деди Жусупбекова.

Эскерте кетсек, коронавируска байланыштуу Кыргызстанда мектептер менен окуу жайлар 16-марттан 8-апрелге чейин карантинге жабылган.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган 13 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлар 107ге жетти. Алардын ичинен Жалал-Абад облусунда үч адам коронавирустан айыгып чыккан.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий