• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жыл аягына чейин 16 миңден ашык кыргыз жарандары «кара тизмеден» чыгарылат

Коом 0

Бишкек, 27-июль /Салтанат Абдраева - Кабар/. 2017-жылдын аягына чейин азыркы тапта Россия Федерациясынын аймагына кирүүгө тыюу салынган 16 миңден ашык кыргыз жарандарын «кара тизмеден» чыгаруу пландалууда. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиев бүгүн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, өлкө мыйзамдарын так сактабагандыктан биздин көпчүлүк жарандар кара тизмеге түшүп калышкан. "Эми алар бир нече жыл бою Россиянын аймагына кире алышпайт. Алардын саны 180 миңге жетти. 2016-жылы бул көрсөткүч 118 миңге жетти. 2017-жылы алардын саны кайра 106 миңге кыскарды. Алардын көпчүлүгү мыйзам бузуулардан улам тизмеге кирип калышкан», — деди ал.

"Эң башкысы - жарандарыбыз алар жүргөн өлкөнүн мыйзамдарын сакташы керек. Ошондо маселе болбойт. Мыйзамдуу миграцияга өткүчө, "кара тизме" көйгөйү кала берет", - деди ал.

Айдаралиев, ММК чет өлкөгө иштеп кетип жаткан жарандарга акысыз кеңештерди берип жатканын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий