• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жыл аягына чейин Бишкектин бюджетинин жоготуулары 1 млрд сомдон ашышы мүмкүн – мэр

Коом 0

Бишкек, 30.04.20. /Кабар/. 2020-жылдын аягына чейин Бишкек шаарынын бюджетинин жоготуулары 1 млрд сомдон ашышы мүмкүн. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын мэрия Азиз Суракматов билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө шаарда бизнестин 15,5 миң түрү иштейт. Учурдагы кырдаалга байланыштуу алардын жабылышы борбор калаанын бюджетинин киреше бөлүгүнө өз таасирин тийгизди.

"Учурда жергиликтүү бюджетте 450 сомдон ашык каражатка жоготуу болду. Жыл аягына чейин ал 1 млрд сомдон ашышы мүмкүн. Мындан улам 2020-жылга карата бюджетти кайра кароону ойлонуштуруп жатабыз". - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий