• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жыл аягына чейин ИДПнын 5,3%га төмөндөшү болжолдонууда – Асрандиев

Экономика 0

Бишкек, 15.05.20. /Кабар/. Жыл аягына чейин ИДПнын 5,3%га төмөндөшү болжолдонууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

Ал белгилегендей, Улуттук статистика комитетинин 1-майга карата берген маалыматына ылайык, Кыргызстандын ИДПсы 148 млрд сомду түзүп, былтыркы жылга караганда 3,8%га төмөндөгөн.

Ошол эле учурда быйылкы жылдын 4 айында пландалган суммадан бюджетке 10 млрд сомдон ашык киреше түшпөй калган.

"Мындай шарттар бизден бюджетке өзгөртүү киргизүүнү, 2020-жылдын аягына карата божомолдорду, бюджеттин чыгаша бөлүгүн кайра карап чыгууну талап кылууда. Бул иштер 2 ай мурда башталган. Биз кырдаалдын өрчүшүнө жараша бир нече сценарийди караштырганбыз. Өткөн аптада 2020-жылдын аягына карата экономикалык божомолдун көрсөткүчтөрүнө негизделген бюджеттин долбоору парламентке сунушталды. Кыскача айта кетсем, Экономика министрлигинин эсептөөлөрү боюнча, жыл аягына чейин өлкө ИДПсы мурдагы жылга караганда 5,3%га төмөндөй турганы болжолдонууда. Бюджеттин киреше бөлүгүнүн төмөндөшү -30 млрд сомдон ашат деп божомолдонууда. Буга соода жүгүртүүнүн төмөндөшү, Кытай менен болгон чек аранын жабылышы таасирин тийгизди. Бизде импорттун 70%ы Кытайдан келет. Ал бир гана бажы төлөмдөргө эмес, биздин ички өндүрүшкө да таасир этүүдө. Себеби, чийки заттын, материалдардын басымдуу бөлүгү Кытайдан алынып келет",- деди ал.

Пикир

Оставить комментарий