• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жыл аягына чейин Кыргызстан экономикалык өсүштүн оң зонасына кириши мүмкүн – Дүйнөлүк банк

Экономика 0

Бишкек, 12.05.21. /Кабар/. Жыл аягына чейин Кыргызстан экономикалык өсүштүн оң зонасына кириши мүмкүн. Мындай божомолун Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн улук экономисти Бакыт Дубашев билдирди.

Ал 2021-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан өсүштүн терс зонасында турганын белгиледи.

«Биз жыл аягына чейин экономикалык өсүштүн оң зонасына кирүүсүн божолмолдоп жатабыз. Бирок чоң белгисиздик жана тобокелдиктер бар», - деди ал.

Дубашев 2020-жыл пандемия, ошондой эле саясий окуялар өлкөнүн экономикасына кандай таасир эткенин көрсөттү деп белгиледи.

«ИДПнын көрсөткүчү аймактагы эң начарлардын бири болуп саналат. Ушундай абалда кыйын болорун жана бизди экономиканы, ошондой эле инвесторлордун жана ишкердик менен алектенгендердин ишеним деңгээлин кантип калыбына келтиребиз деген белгисиздик күтөрүн болжолдоого болот», - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий