• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жыл аягына чейин Кыргызстанга 115 тез жардам унаасы келет - министр

Ден соолук 0

Бишкек, 15.09.20. /Кабар/. Жыл аягына чейин Кыргызстанга 115 тез жардам унаасы келет. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

"Буга чейин 13 тез жардам унаасын сатып, жер-жерлерге бөлүштүрүп бергенбиз. Сентябрь айында дагы 13 унаа келет. Жылдын аягына чейин 115 тез жардам унаасы ар кайсы долбоорлордон келет. Ал эми биздин "Коопсуз шаар" долбоорунан түшкөн каражаттарга 37 унаа сатып алынууда", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий