• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жыл аягына чейин Ленин району боюнча бюджетке 265 млн сом түшпөй калышы мүмкүн – аким

Экономика 0

Бишкек, 05.05.20. /Кабар/. Жыл аягына чейин Ленин району боюнча бюджетке 265 млн сом түшпөй калышы мүмкүн. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын Ленин районунун администрациясынын башчысы Токтосун Султанов билдирди.

Анын айтымында, быйыл январь айында Ленин району боюнча 115 млн сом чогултуу пландалып, 114 млн сом чогултулган (99,2%). Февраль айында план 109%га аткарылган.

Ал белгилегендей коронавируска байланыштуу өлкөдө өзгөчө кырдаал, андан кийин өзгөчө абал киргизилгенден кийин көп ишкана-мекемелердин иши токтотулуп, ал кирешенин түшүшүнө өз таасирин тийгизген.

"Март айындагы план 68,8%га аткарылган же 51,3 млн сомго аз чогултулган. Апрель айында план 50,5%га аткарылды. 2020-жылдын январь-апрель айларында 113,7 млн сом чогулбай калды, план 79,3%га гана аткарылды. Жыл аягына чейин Ленин району боюнча 265 млн сом чогулбай калышы мүмкүн", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий