• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жыл аягына чейин пенсия, жөлөкпул, айлык акылар үзгүлтүксүз берилет – Жапаров

Президент 0

Бишкек, 12.11.20. /Кабар/. Бүгүн президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров Бишкекте өткөн маалымат жыйынында корголгон беренелер боюнча пенсия, жөлөкпул, айлык акылар толук берилерин билдирди.

“Экономикалык абал өтө жакшы, өтө жаман деп айта албайм – орточо. Жылдын аягына чейин корголгон беренелер боюнча пенсия, жөлөкпул, айлык акылар ж.б. берилет. Кийинки жылдын божомолун жасай элекпиз. Буйруса биз абалдан чыгабыз деп ойлоп жатам. Азыр мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акысын көтөрүүгө эрте. Ал үчүн бюджетти 2-3 эсе көбөйтүшүбүз керек”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий