• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жыл башына карата Кыргызстандын калкынын саны дээрлик 6 млн. 400 миңге жеткен

Коом 0

Бишкек, 15.04.19. /Кабар/. Жыл башына карата Кыргызстандын калкынын саны 6 млн. 389 миң адамды түзгөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Статистика комитети билдиргендей, өлкөбүздөгү калктын үчтөн бири (34%) шаарда, ал эми үчтөн экиси (66%) айыл жергесинде турушат.

Дагы бир маанилүү жагдай, өлкөбүздө балдар менен өспүрүмдөр калктын 34%ын, ишке жарамдуу жаш курактагылар 58% жана ишке жарамдуу курактан улуулар 8%ды түзөт.

Белгилей кетсек, көп улуттуу Кыргызстанда 100дөн ашык улут жашайт.

Пикир

Оставить комментарий