• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жыл башынан бери 100 миңден ашуун бала үчүн сүйүнчү пул берилди

Коом 0

Бишкек, 05.09.19. /Кабар/. 2019-жылдын январь айынан 31-августка чейин жаңы төрөлгөн 106 487 балага 4 миң сомдон сүйүнчү пул берилди. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, сүйүнчү пулдун жалпы суммасы 425 миллион 948 миң сомду түзгөн.

Эскерте кетсек, 1-июлдан тарта балага бериле турчу сүйүнчү пулду 2 күндүн ичинде алса болот.

Пикир

Оставить комментарий