• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жыл башынан бери 109 милиция кызматкери жумуштан айдалды – ИИМ

Кырсык 0

Бишкек, 12.10.18. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин ички иликтөөлөр кызматы өзүнүн катарларын тазалоо боюнча иш жүргүзүп, милициянын беделин түшүргөн кызматкерлерден арылууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында ИИМдин ички иликтөөлөр кызматынын башчысы Талантбек Акматов билдирди.

Анын айтымында, эч ким жазадан кача албайт. Ал ИИМдин позициясы коррупция менен күрөшүү планында компромисстик эмес бойдон калып жатканын - мыйзам бузган учурлар аныкталып, күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартылып жатканын билдирди.

“Ички иштер органдарынын катарларын кызматтын кызыкчылыктарын саткан, коомдун алдында милициянын беделин түшүргөн, мыйзамдуулукту бузган, пара алган, мыйзамсыз иш-аракеттери менен орду толтурулгус зыян келтирген адамдардан тазалоого багытталган иш уланууда”, - деди Акматов.

Анын маалыматына караганда, жыл башынан бери ИИМден 109 кызматкер жумуштан айдалган. Андан сырткары 104 кызматкер ээлеген кызматынан төмөнүрөөк кызматка которулган, мыйзамсыз иш-аракеттери үчүн 1 миң 399 кызматкер жазаланган. Ошондой эле 24 милиция кызматкери катышкан 59 кылмыш иши козголгон. Анын төртөө пара алуу боюнча, каракчылык боюнча ишке 3 милиция кызматкери катышкан. Бир кылмыш иши баңгизаты менен мыйзамсыз соода кылганга шектелген милиция кызматкерине карата козголгон.

Пикир

Оставить комментарий