• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жыл башынан бери 1097 бажылык укук бузуу фактылары аныкталган

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.12.20. /Кабар/. 2020-жылдын 11 ай ичинде Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан 1097 бажылык укук бузуу фактылары аныкталган.

Бажы кызматынын басма сөз кызматынан маалымдашкандай, алардын ичинен Бузуулардын бирдиктүү реестрине 865 факты, Кылымыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 232 факты катталган.

Ведомстводон кошумчалашкандай, бул иштер боюнча аныкталган зыяндын жалпы суммасы 397,2 млн сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий