• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жыл башынан бери 225 мыйзамсыз дарак кыюу фактысы аныкталган

Коом 0

Бишкек, 14.09.18./Кабар/. 2018-жылдын башынан бери Кыргызстанда мыйзымсыз дарак кыюу боюнча 225 факты аныкталган. Бул тууралуу токой чарбасынын негизделгенинин 71 жылдыгынын урматына “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин төрагасынын орун басары Элдияр Шерипов билдирди.

Анын айтымында, бардыгы болуп 2861,1 миң сомго мыйзамсыз 1582 дарак кыйылган.

“Жалпы суммасы 1691,3 миң сомго 191 материал алынган. Андан тышкары жыл башынан бери мамлекеттик токой фондунун аймагында жалпы аянты 183 га түзгөн 11 токойдо өрт болгондугу катталган. Өрт 150 га аянтты каптап, 201 миң 387 сомго зыян келтирилген”, - деп билдирди ал.

Ведомствонун башчысы Абдыкалык Рустамов билдиргендей, токойлорду массалык түрдө мыйзамсыз кыюу жок, бирок бузуулар бар.

“Негизинен токойлорду түндө кыйышат. Кечинде токойду эч ким кайтарбайт. Тилекке каршы, бизде бардык токойлорго видео көзөмөл орнотуу үчүн жетиштүү каражат жок”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий