• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жыл башынан бери 25 миңден ашык адамга акысыз укуктук жардам көрсөтүлдү — Калбеков

Коом 0

Бишкек, 06.12.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда жыл башынан тарта акысыз консультациялык-укуктук жардамды 25 миңден ашык жаран алды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун директору Акжол Калбеков билдирди.

Анын айтымында, акысыз адвокаттардын кызматын колдонуу мүмкүнчүлүү менен 14 жаран сотто уткан.

“2021-жылдын башынан бери 25 миңден ашык жаранга акысыз юридикалык жардам көрсөтүлгөн. Юридикалык жардамды чет өлкөлүк жарандар, качкындар, жарандыгы жоктор дагы ала алат”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, бүгүн, 6-декабрда, Кыргызстанда калкка акысыз консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү декадасы старт алды.

Декада боюнча кызыктырган суроолор менен төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот: (0312) 38-01-38 (кош. 106, 101), 05 54 45 11, Ысык-Көл, Нарын обл.- 0553 04 04 86, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас обл.- 0555 22 58 32, 0701 34-41-41, 0770 38-32-52.

Пикир

Оставить комментарий