• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жыл башынан бери 26 миңден ашуун жаранга мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 04.09.20. /Кабар/. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбору тарабынан 20020-жылдын биринчи жарым жылдыгында юридикалык консультациялык-укуктук жардамдын алкагында 26 миң 693 адамга консультация берилди.

Юстиция министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, анын ичинен 438 майып адам (ДМЧА), 340 жашы жете элек балдар, 5764 пенсионерлер жана 3 миң 349 муктаж жарандар.

Ал эми "112" ишеним телефону аркылуу 614 юридикалык консультация берилген, анын ичинде майыптар - 19.

Квалификациялуу юридикалык жардамдын алкагында (адвокаттын коргонуу жана өкүлчүлүк боюнча кызматтары) 5 миң 814 адамга, анын ичинде жашы жете электерге, майыптарга (ДМЧА), камакка алынган адамдарга юридикалык жардам көрсөтүлгөн.

Эске салсак, "Мамлекет кепилденген юридикалык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Ммйзамына ылайык, мамлекеттин эсебинен квалификациялуу юридикалык жардам жазык, жарандык, административдик сот өндүрүшү нүн чɵйрɵсүндɵ көрсөтүлөт.

"Квалификациялуу юридикалык жардам алуу укугу кармалган адамдарга, өзгөчө оор кылмыштарды жасаган деп айыпталгандарга, I жана II топтогу майыптарга, психикалык оорулардан жабыркаган адамдарга, экинчи Дүйнөлүк согуштун ардагерлерине жана аларга теңештирилген адамдарга, жашы жете электерге - алардын кызыкчылыгы үчүн, алардын ата-энелер (камкорчулар, камкорчулар) - балдардын кызыкчылыгы үчүн; жашы жете элек балдарды тарбиялап жаткан жалгыз бой энелер, жашы жете элек балдарды энесиз тарбиялаган адамдар - балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу жана коргоо менен байланышкан маселелер боюнча; аскерге милдеттүүлөр; мамлекеттик пансионатта жашаган улгайган адамда", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле жылдык кирешеси республикалык бюджет жөнүндө мыйзамда белгиленген жыл сайын эң аз эмгек акынын 60 эсе өлчөмүнөн ашпаган адамдар мамлекеттин эсебинен квалификациялуу юридикалык жардам алууга укуктуу.

2020-жылга карата жылдык кирешенин көлөмү 111 миң 240 сомдон ашпашы керек.

Пикир

Оставить комментарий