• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жыл башынан бери 4,7 миң жол кырсыгы катталып, 529 адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 10.10.19. /Кабар/. 2019-жылдын башынан бери 4 миң 694 жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Нур Сатыбалдиев билдирди.

Анын айтуусунда, катталган жол кырсыктардан 529 адам каза болгон. "Андан тышкары, 7 миң 265 адам жабыркаган. Жаш балдардын катышуусунда 1 миң 210 жол кырсыгы катталган, андан 68 бала каза болгон. Ошондой эле 1 миң 464 бала ар кандай жаракаттарды алышкан", - деп кошумчалады Сатыбалдиев.

Пикир

Оставить комментарий