• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жыл башынан бери 487 этникалык кыргыз кайрылман статусун алды

Коом 0

Бишкек, 14.09.18. /Кабар/. 2018-жылдын 8 айында кайрылмандын статусун алуу үчүн 490 этникалык кыргыз документтерин тапшырып, алардын 487си бул сатусту алган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик миграция кызматынын кайрылмандар жана качкындар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Жыпар Мамбетова билдирди

Анын айтымында, отчёттук убакыт ичинде комиссиянын тиешелүү чечими менен 487 этникалык кыргыз кайрылман статусун алган.

“3 миң 500дөн ашуун адамга кеңеш көрсөтүлдү. 8 айда кайрылман статусун берүү боюнча 15 жолу комиссия өткөрүлдү. Көчүп жаткан этникалык кыргыздардын көпчүлүгү Чүй, Ош облустарына жана Бишкек шаарына отурукташат. Жалпысынан Өзбекстандан 130, Тажикстандан 329, Кытайдан 18 кайрылман келген”, - деди Мамбетова.

Кайрылмандар жана качкындар менен иштөө бөлүмүнүн маалыматына ылайык, жыл башынан бери Мамлекеттик катоо кызматынын калкты каттоо департаментинин билдиргенине караганда, 1331 этникалык кыргыз Кыргызстандын жарандыгын алган.

Өзбекстандан 606, Тадикстандан 725 этникалык кыргыз жарандык алган. Алардын ичинен 120 этникалык кыргыз кайрылмандын күбөлүгүнүн негизинде жарандык алган.

Пикир

Оставить комментарий